Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңештин “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө» токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 34
“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 жана 19-беренелерине, “Мамлекеттик жана муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Курама-Суу “муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баалары төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
· Жүк жүктөөчү машина (фронтальный погрузчик) 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.
· Авто мунара 1 саатка (авто вышка) 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.
· Экскаватор 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.
· Трактор 1 саатка 800 (сегиз жүз) сом дизель/бензин өзүнчө эсептелет.
2. Социалдык жактан аз камсыз жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 50% (элүү пайыз) арзандатуу колдонулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укугу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.К. Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон