Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган, түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» ЖЧКсынын ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга карата Кошумча макулдашууга Өзгөртүү киргизүү тууралуу макулдашууну жактыруу жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 3-апрели № 217-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 26-ноябрында түзүлгөн, 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198