4-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттердин экономикалык ишинин өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 1-глава
1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте асыл тукум заводу жана фермасы статусун ыйгаруу жана андан ажыратуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлөт жана иштейт.
2. Жер участоктору жана көлмөлөр жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарында каралган тартипте асыл тукум малдарды көбөйтүү үчүн берилет.
3. Жер участокторуна жана көлмөлөргө болгон укуктар, аларды берүү тартиби жана пайдалануу режими, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарында аныкталат.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Респуликасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-октябры № 710 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартибин…Постановление · 20.10.2026 · № 710 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>