# 27-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана аны колдонууга киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 27-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-27

---

1. Ушул Мыйзам, ушул берене менен колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо. расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды

2. Ушул Мыйзамдын "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту милдеттүү түрдө пайдаланууга тийиштүү бөлүгүндөгү жоболору 2028-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 133 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 9-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2012-ж., № 9, 2862-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 34 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 95-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 468-ст.).

4. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 4-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-26)
