26-берене. Өткөөл жоболор
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 5-глава
1. "Асыл тукум" БММТини толук киргизүү жана Бирдиктүү паспортко өтүү үчүн 2028-жылдын 1-январына чейин өткөөл мезгил белгиленсин.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонууда болгон мыйзамдарга ылайык берилген асыл тукум статусун тастыктоочу асыл тукум күбөлүктөрү жана башка документтер өткөөл мезгилдин ичинде жарактуу деп таанылат жана алар Бирдиктүү паспортко алмаштырылган учурга чейин, бирок өткөөл мезгилдин мөөнөтү аяктагандан кечиктирбестен Бирдиктүү паспорт менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
3. Министрлер Кабинети өткөөл мезгилдин ичинде "Асыл тукум" БММТини түзүүнү, техникалык жактан ишке киргизүүнү жана өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүүнү камсыз кылат.
4. Өткөөл мезгил ичинде асыл тукум мал жана асыл тукум мал чарбасынын субъекттери жөнүндө маалыматты колдонуудагы маалыматтар базасынан жана документтерден "Асыл тукум" БММТиге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте Бирдиктүү паспортту түзүү менен көчүрүү жүзөгө ашырылат.
5. Өткөөл мезгил аяктагандан кийин асыл тукум продукциянын (материалдын) статусун жана тегин тастыктоочу жалгыз документ болуп Бирдиктүү паспорт саналат.
Көнүл бургула! Ушул Мыйзамдын "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту милдеттүү түрдө пайдаланууга тийиштүү бөлүгүндөгү жоболору 2028-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>