# 20-берене. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу пункттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 20-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-20

---

1. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу боюнча пункттар үйүрдү төлдөтүү жана селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү боюнча негизги жер болуп саналат.

2. Малды жасалма уруктандырууну зооветеринардык билими бар уруктандыруучу техниктер, ошондой эле мал чарбасында иш тажрыйбасы бар, атайын окуу курстарынан өткөн жана лицензияланган орган тарабынан берилген жасалма уруктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүгө квалификациясын тастыктоочу сертификат алган адамдар жүзөгө ашырат.

3. Жасалма уруктандыруу боюнча пункттарды уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

4. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-21)
