20-берене. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу пункттары
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 4-глава
1. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу боюнча пункттар үйүрдү төлдөтүү жана селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү боюнча негизги жер болуп саналат.
2. Малды жасалма уруктандырууну зооветеринардык билими бар уруктандыруучу техниктер, ошондой эле мал чарбасында иш тажрыйбасы бар, атайын окуу курстарынан өткөн жана лицензияланган орган тарабынан берилген жасалма уруктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүгө квалификациясын тастыктоочу сертификат алган адамдар жүзөгө ашырат.
3. Жасалма уруктандыруу боюнча пункттарды уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
4. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>