# 17-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 17-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-17

---

1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы илимий-изилдөө уюмдары асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жүргүзөт, алар төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:

1) асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик илимий-техникалык программаларды;

2) малдын асыл тукум баалуулугун бонитировкалоо, төлдөтүү жана тоюттандыруу боюнча нускамаларды, жоболорду;

3) геномдук селекциянын, асыл тукум малды жана асыл тукум продукцияны (материалды) геномдук баалоонун жана генетикалык контролдоонун методикасын жана техникалык каражаттарын;

4) асыл тукум иши чөйрөсүндөгү маалыматтык камсыз кылуу тутумун.

2. Фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, асылдандыруу иши боюнча жаңы технологияларды, шаймандарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону каржылоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик программалардын негизинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-18)
