17-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөр
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 3-глава
1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы илимий-изилдөө уюмдары асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жүргүзөт, алар төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:
1) асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик илимий-техникалык программаларды;
2) малдын асыл тукум баалуулугун бонитировкалоо, төлдөтүү жана тоюттандыруу боюнча нускамаларды, жоболорду;
3) геномдук селекциянын, асыл тукум малды жана асыл тукум продукцияны (материалды) геномдук баалоонун жана генетикалык контролдоонун методикасын жана техникалык каражаттарын;
4) асыл тукум иши чөйрөсүндөгү маалыматтык камсыз кылуу тутумун.
2. Фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, асылдандыруу иши боюнча жаңы технологияларды, шаймандарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону каржылоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик программалардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>