# 15-берене. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 15-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-15

---

Мал чарбасындагы асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) асылдандыруу иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) асылдандыруу иши чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү;

3) асыл тукум малдын генофондун сактоо, өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча асылдандыруу иши жана селекция чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана колдонмо мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

4) асыл тукум, таза породалуу, таза кандуу малдын, анын ичинде генофонду чектелүү породалардын генофондун сактоого багытталган иш-чараларды мамлекеттик колдоо;

5) селекциялык жана асылдандыруу иштерин жүргүзүү жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн асыл тукум продукциянын (материалдын) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;

6) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү селекциялык жетишкендиктерди сыноолорду жана апробациялоону жүргүзүү;

7) асыл тукум, таза породалуу, таза кандуу малга жана асыл тукум продукцияга (материалга) геномдук баалоо жана контроль жүргүзүү;

8) "Асыл тукум" БММТини жүргүзүү жана Бирдиктүү паспортту түзүү;

9) Кыргыз Республикасында пайдаланууга сунушталган асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү;

10) мал чарбасында асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн жана айыл чарба малдарын тоюттандыруунун алкагында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;

11) айыл чарба малын бонитировкалоо, жасалма уруктандыруу жана тоюттандыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү.

12) асыл тукум мал чарбасынын субъекттерин аттестациялоону (кайра аттестациялоону) аларды кийин "Асыл тукум" БММТиде каттоо менен жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-16)
