# 14-берене. Асыл тукум продукциясын (материалын) мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 14-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү. пайдаланылуучу. импорттолуучу жана экспорттолуучу бардык асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.

2. Каттоодо ар бир асыл тукум малга жана асыл тукум продукциясынын (материалынын) ар бир партиясына (бирдигине) уникалдуу Бирдиктүү паспорт түзүлөт.

3. "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, Бирдиктүү паспортко киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. "Асыл тукум" БММТиде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасындагы асыл тукум продукциясынын (материалынын) статусу жана теги жөнүндөгү жалгыз расмий маалымат булагы болуп саналат.

5. Асыл тукум малдын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик регистри жөнүндө, ошондой эле асыл тукум малдын мамлекеттик китеби жөнүндө жобо айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

6. Асыл тукум малдын мамлекеттик китебине жана асыл тукум малдын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик регистрине киргизилген маалыматтар бардык кызыкдар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-15)
