14-берене. Асыл тукум продукциясын (материалын) мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү. пайдаланылуучу. импорттолуучу жана экспорттолуучу бардык асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
2. Каттоодо ар бир асыл тукум малга жана асыл тукум продукциясынын (материалынын) ар бир партиясына (бирдигине) уникалдуу Бирдиктүү паспорт түзүлөт.
3. "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, Бирдиктүү паспортко киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. "Асыл тукум" БММТиде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасындагы асыл тукум продукциясынын (материалынын) статусу жана теги жөнүндөгү жалгыз расмий маалымат булагы болуп саналат.
5. Асыл тукум малдын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик регистри жөнүндө, ошондой эле асыл тукум малдын мамлекеттик китеби жөнүндө жобо айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6. Асыл тукум малдын мамлекеттик китебине жана асыл тукум малдын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик регистрине киргизилген маалыматтар бардык кызыкдар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп саналат.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>