# 12-берене. Асыл тукум продукциянын экспорту жана импорту

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 12-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-12

---

1. Асыл тукум малды жана асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоо жана импорттоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда Евразия экономикалык комиссиясынын асыл тукум мал чарбасы жана ветеринария жаатындагы чечимдерин эске алуу менен экспорттоо жана импорттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоого ветеринардык сертификат жана Бирдиктүү паспорттон көчүрмө болгондо жол берилет.

Көрсөтүлгөн көчүрмө "Асыл тукум" БММТиде камтылган маалыматтарды расмий тастыктаган документ болуп саналат. Көчүрмөнүн формасы, аны берүү тартиби жана колдонулуу мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Асыл тукум продукциясын (материалын) импорттоо белгиленген тартипте берилген ветеринардык уруксат болгондо жана экспорттоочу өлкөнүн расмий асыл тукум документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ага Бирдиктүү паспортту түзүү менен милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-13)
