12-берене. Асыл тукум продукциянын экспорту жана импорту
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 3-глава
1. Асыл тукум малды жана асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоо жана импорттоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда Евразия экономикалык комиссиясынын асыл тукум мал чарбасы жана ветеринария жаатындагы чечимдерин эске алуу менен экспорттоо жана импорттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоого ветеринардык сертификат жана Бирдиктүү паспорттон көчүрмө болгондо жол берилет.
Көрсөтүлгөн көчүрмө "Асыл тукум" БММТиде камтылган маалыматтарды расмий тастыктаган документ болуп саналат. Көчүрмөнүн формасы, аны берүү тартиби жана колдонулуу мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Асыл тукум продукциясын (материалын) импорттоо белгиленген тартипте берилген ветеринардык уруксат болгондо жана экспорттоочу өлкөнүн расмий асыл тукум документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ага Бирдиктүү паспортту түзүү менен милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>