# 10-берене. Асыл тукум чарбаларында асылдандыруу ишин уюштуруу жана жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5732/edition/50996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044182/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 10-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-10

---

1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү иш жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттер маалыматтардын эсебин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.

3. Асыл тукум ишканалары, биотехнология жана төлдөтүү лабораториялары. дистрибьютордук борборлор, республикалык палаталар, ассоциациялар, бирикмелер жана кооперативдер асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте отчет беришет.

4. Асылдандыруу иши менен алектенүүчү асыл тукум чарбалары жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.

5, Мамлекеттик асыл тукум заводдорунун жана ишканаларынын жерлери, негизги каражаттары, айыл чарба малынын асыл тукум өзөгү мамлекеттик менчик болуп саналат, аларды тескөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182/st-11)
