10-берене. Асыл тукум чарбаларында асылдандыруу ишин уюштуруу жана жүргүзүү
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү иш жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттер маалыматтардын эсебин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.
3. Асыл тукум ишканалары, биотехнология жана төлдөтүү лабораториялары. дистрибьютордук борборлор, республикалык палаталар, ассоциациялар, бирикмелер жана кооперативдер асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте отчет беришет.
4. Асылдандыруу иши менен алектенүүчү асыл тукум чарбалары жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.
5, Мамлекеттик асыл тукум заводдорунун жана ишканаларынын жерлери, негизги каражаттары, айыл чарба малынын асыл тукум өзөгү мамлекеттик менчик болуп саналат, аларды тескөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044182/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>