# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрели № 46 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрели № 46 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044174/edition/50986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрели № 46 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044174

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 8-апрели № 46

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "нотариалдык жактан" деген сөздөр алып салынсын;

2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "30-беренесинде" деген сөздөр "31-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.";

4) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

1. Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.

2. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.";

5) 33-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууну пландоочу чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174/st-2)

"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174/st-46)

күчүн жоготту деп таанылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 11-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
