# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 "Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 "Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53984/edition/50973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 "Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044173

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 10-апрели № 241 Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги алты айлык мөөнөттө Жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестрине мурда катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу маалыматтарды киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
