# Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 04-мартындагы №3/3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 04-мартындагы №3/3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/3
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53971/edition/50960/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 04-мартындагы №3/3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө токтому (04.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044157

---

КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 3-отуруму 2026-жылдын 04-марты №3/3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 13-январындагы №16/2 сандуу буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө аткаруу буйругуна ылайык, билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 2026-жылдын 13-январындагы №16/2 буйругу, Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жарандардын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча маселелери акысыз жүргүзүлсүн деп белгиленсин.

3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча айыл башчыларына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:

Д. Камчыбек уулу
