# Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 80 "2026-жылдын 31-марты № 82 "Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 80 "2026-жылдын 31-марты № 82 "Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53948/edition/50925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 80 "2026-жылдын 31-марты № 82 "Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044112

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-марты № 82

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын 2026-жылдын 31-мартындагы №14 сунушунун, Бишкек шаардык кеңешинин «Эл Үмүтү» фракциясынан депутаты Р.А. Аматовдун 2026-жылдын 31-мартындагы №71ФЭ сунушунун, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун жана Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №5 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №5 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.

3. Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

4. Алмаз уулу Аскар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.

5. 2024-жылдын 2-декабрындагы №3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1) 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«2. Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.».

2) 3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«3. Алмаз уулу Аскар Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.».

3) төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

«4. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 35 «Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.».

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Б.Усеналиев
