# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрели № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрели № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044107/edition/50919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрели № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (01.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044107

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 1-апрели № 215 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибинде:

- 4-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө.";

- 12-пункт "республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген суроо-талаптарды республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карайт. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоого максаттуу трансферттерди бөлүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими саналат.";

- 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн максаттуу трансферттерди берүү";

- 23-пунктта "Райондук маанидеги шаарларды региондорду өнүктүрүүнүн өсүү башаты катары" деген сөздөр "Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Максаттуу трансферт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен бекитилген шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун, бийик тоолуу, барууга кыйын жана чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында берилет.";

- 25-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
