# Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №97 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №97 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53916/edition/50872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №97 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044059

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 10-октября № 97 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын жаңы курамын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулунун сунушун угуп, Ош шаардык Кеңештин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы №5 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү сунушталсын.

2.Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңештин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Ж.Ормонова) жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Т. Баетов
