Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-октября № 97 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын жаңы курамын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулунун сунушун угуп, Ош шаардык Кеңештин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 1-октябрындагы №5 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү сунушталсын.
2.Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңештин мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Ж.Ормонова) жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Т. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 324 "Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берγγ…Постановление · 10.02.2016 · № 324