Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялары жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 84 Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2025-жылдын 28-июлундагы №47 токтомуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.3. жана 8.10. пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан “Милдет” депутаттык фракциясынын мүчөсү Обозов Мелис Абдыразакович чыгарылып, анын ордуна жаңы депутаттык мандат алган, ушул эле депутаттык фракциянын мүчөсү Туратбеков Нурсеит Туратбекович киргизилсин.
2. Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан “Милдет” депутаттык фракциясынын мүчөсү Канат уулу Улан чыгарылып, анын ордуна, жаңы депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Наватов Дастан Эркинбекович киргизилсин.
3. Жаңы түзүлгөн мамлекеттик тилди, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана агрардык тармакты колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына, мурдагы туруктуу депутаттык комиссиялардын курамынан чыгаруу менен, төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
- Ормонова Жамал Аккозевна;
- Абдырахман уулу Кутманалы;
- Максутова Жазгул Жумабаевна;
- Ыктыярбек уулу Улукбек;
- Ибрагимов Джамалбек Адилжанович.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Т. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 47 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 28.07.2025 · № 47
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123