# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242-т (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242-т (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 242-т
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19772/edition/50850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242-т (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 10-апрели № 242-т

Илимий негизделген селекциялык стационарды калыбына келтирүү, дан өсүмдүктөрүнүн, жүгөрүнүн жана фабрикалык кант кызылчасынын жаңы сортторун жана гибриддерин чыгаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, баштапкы үрөнчүлүктү көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө багытталган дыйканчылыкты, кыртыш таанууну, агрохимияны жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу стратегияларын иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө, 73-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, З. Кайназарова атындагы айыл аймагы дарегинде жайгашкан, № 68, № 70, № 71, № 72 контурлардагы мамлекеттик менчикте турган, идентификациялык коддору: 7-08-18-0003-0093; 7-08-18-0003-0094; 7-08-18-0003-0095; 7-08-18-0003-0096, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин;

2) жогоруда аталган жер тилкесин кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана ага болгон укукту кайра каттоону камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине болгон укукту белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
