# Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/47 "Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/47 "Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/47
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043990>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53863/edition/50798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043990.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/47 "Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (15.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043990

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-июлу № 01-7/47

Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-июнундагы №01-16/1836-кайрылуу катынын негизинде, айыл аймактан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү маселеси каралып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагында ваучер кызматын ала турган балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 (жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик-пландоо комиссиясынын төрагасы А.Джазымкуловго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

С.Б. Бекмырзаев
