# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрели № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрели № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230043988/edition/50791/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрели № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (02.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043988

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 2-апрели № 217

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жободо: 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: «– сыноо протоколун берүү;

– азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза;

– жаныбарларды жасалма уруктандыруу.».

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
