# Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын “29” августу № 24 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын “29” августу № 24 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53854/edition/50783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын “29” августу № 24 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому (29.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043980

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын “29” августу № 24

Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 22.08.2025-жылдагы №156-т тескемесинин аткарууда тиешелүү иш аракеттерди көрүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курама айыл аймагында жайгашкан ресторандарда, эс алуучу жайларда, тойканаларда жана салтанат өтүп жаткан турак үйлөрдө “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №194 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, саат 22:00 дөн таңкы 07:00гө чейин (дем алыш жана майрам күндөрү саат 09:00гө чейин) үн басымынын жана ызычуунун белгиленген деңгээлинен ашууга тыюу салынсын.

2. Ушуга байланыштуу, төмөнкү иш-чаралар ыкчам түрдө жүргүзүлсүн. Курама айыл өкмөтүнө караган милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө, айыл башчыларына, мечиттердин башкы имамдарына:

-бардык массалык иш-чаралардын жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү саат 22:00дөн кечиктирилбестен токтотуу боюнча рейд жүргүзүлсүн; -тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнсүн; -Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын беренелеринин бузуулары катталган учурда тийиштүү чаралар көрүлсүн; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын талаптары элдик жыйындарда, жума намаздарда мечитте, калк арасында жайылтылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Джумагулов А.К.
