# Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 31-июлу № 22/1 "Курама айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу акысынын жана таза суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 31-июлу № 22/1 "Курама айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу акысынын жана таза суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/1
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53849/edition/50778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 31-июлу № 22/1 "Курама айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу акысынын жана таза суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө" токтому (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043971

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 9 сессиясы

2025-жылдын 31-июлу № 22/1

Курама айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу акысынын жана таза суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө Курама айыл аймагындагы “Курама-Суу” Муниципалдык ишканасынын директору М.С.Тынаевдын маалыматын угуп жана талкуулап, таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым нормасын жана таза суунун тарифин жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73,74,75,76-беренелерине ылайык жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курама айыл аймагында 01.07.2025-жылдан тартып таштандыларды чыгаруунун жана чыгаруунун тарифи:

· жеке жактар үчүн жаш курагына карабастан айына ар бир үйдөн 100 (жүз) сом жана ар бир үй үчүн кошумча 50 (элүү) сом өлчөмүндө айыл өкмөт тарабынан “Курама-Суу” муниципалдык ишканасына субсидия катары төлөнсүн.

· юридикалык жактар үчүн менчигинин түрүнө жана кызматкерлеринин санына карабастан айына келишимдин негизинде белгиленсин.

2. Курама айыл аймагында 01.12.2025-жылдан тартып таза суунун тарифи:

· жеке жактар үчүн жаш курагына карабастан айына ар бир үй үчүн суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө ылайык, 1 м3 үчүн 50 сом (элүү) өлчөмүндө белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Курама-Суу” Муниципалдык ишканасынын директору М.С.Тынаевга жана Курама айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

Төрага

Джумагулов А.К.
