Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңештин «Курама айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу акысынын жана таза суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө» токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 9 сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 22/1
Курама айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу акысынын жана таза суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө Курама айыл аймагындагы “Курама-Суу” Муниципалдык ишканасынын директору М.С.Тынаевдын маалыматын угуп жана талкуулап, таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым нормасын жана таза суунун тарифин жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73,74,75,76-беренелерине ылайык жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагында 01.07.2025-жылдан тартып таштандыларды чыгаруунун жана чыгаруунун тарифи:
· жеке жактар үчүн жаш курагына карабастан айына ар бир үйдөн 100 (жүз) сом жана ар бир үй үчүн кошумча 50 (элүү) сом өлчөмүндө айыл өкмөт тарабынан “Курама-Суу” муниципалдык ишканасына субсидия катары төлөнсүн.
· юридикалык жактар үчүн менчигинин түрүнө жана кызматкерлеринин санына карабастан айына келишимдин негизинде белгиленсин.
2. Курама айыл аймагында 01.12.2025-жылдан тартып таза суунун тарифи:
· жеке жактар үчүн жаш курагына карабастан айына ар бир үй үчүн суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө ылайык, 1 м3 үчүн 50 сом (элүү) өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Курама-Суу” Муниципалдык ишканасынын директору М.С.Тынаевга жана Курама айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага
Джумагулов А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3