# Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №11/67 "Ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №11/67 "Ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/67
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53836/edition/50758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №11/67 "Ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (25.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043950

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

XXIX-чакырылыштын 11 кезектүү сессиясы

2025-жылдын 25-декабры № 11/67

Ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын-орун басары Ж.У.Самарбекованын баяндамасын угуп, айыл аймактан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү маселеси карап чыгып Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Гавриловка айыл аймагында ваучер кызматын ала турган балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 (жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңештин бюджеттик-пландоо комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Ы.Б. Нааматов
