# Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №11/64 "Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына берилген айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №11/64 "Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына берилген айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/64
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043946>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53832/edition/50753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043946.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №11/64 "Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына берилген айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы жөнүндө" токтому (25.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043946

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

XXIX-чакырылыштын 11 кезектүү сессиясы

2025-жылдын 25-декабры № 11/64 Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына берилген айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин жер комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13/59 буйругунун к Сокулук райондук агрардык башкармалыгына өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы боюнча баяндаманы угуп, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» типтүү Жобосун жетекчиликке алып, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер комиссиясынын сунушунун негизинде айыл өкмөтүнө караштуу жана мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарага б рүүдө жерлердин иш жүзүндө суугат, суугаруу кыйынчылык жараткан жерлер жана кайрак жерлеринин шарттарына жараша төмөнкү ижара ставкалары жана суммалары бекитилсин:

а) 500\*20=10 000 суугат жерлер. Төмөнкү контурга тиешелүү: №3.

б) 500\*20=10 000 сугаруу кыйынчылыкы жараткан жерлер.

Төмөнкү контурларга тиешелүү: контур №37;

в) 500\*10=5 000 сугат жок суугат айдоо жерлер. Төмөнкү контурга тиешелүү: №429

г) 100\*30=3 000 кайрак айдоо жерлер. Төмөнкү контурларга тиешелүү: № 7, № 169.

д) 20\*30=600 чабындылар. Төмөнкү контурларга тиешелүү: № №1

1. Токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Картанбаевага жүктөлсүн.

Төрага

Ы.Б. Нааматов
