# Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-марты № 13 "Жер тилкесин убактылуу ижарага берүү" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-марты № 13 "Жер тилкесин убактылуу ижарага берүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53827/edition/50749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-марты № 13 "Жер тилкесин убактылуу ижарага берүү" токтому (10.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043942

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезексиз 6 сессиясы

2025-жылдын 10-марты № 13

Жер тилкесин убактылуу ижарага берүү Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевдин жер тилкесин убактылуу ижарага берүү тууралуу маалыматын угуп, талкуулагандан кийин Панфилов айылындагы Центральный көчөсүндө №399 жана №401 жайгашкан 940 м квадрат жер тилкесин убактылуу ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №25-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Панфилов айылындагы Центральная көч., №399 жана №401 дарегинде жайгашкан 940 метр квадрат жер тилкеси Карыпбеков Русланга убактылуу 5-жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.

2. Ижара акысы жергиликтүү кеңештин туруктуу жер комиссиясынын чечими менен 1 жылга 2000 сомго бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевге жана айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.

Төрага

Джумагулов А.К.
