Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жана Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымды белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-апрели № 219
Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жана Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымды белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 562-беренесин, «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жана кайра каттоо үчүн бир жолку жыйым:
– актуарийлерден – 10 (он) эсептик көрсөткүч;
– камсыздандыруу брокерлеринен – 10 (он) эсептик көрсөткүч;
2) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйым:
– актуарийлерден – 10 (он) эсептик көрсөткүч;
– камсыздандыруу брокерлеринен – 10 (он) эсептик көрсөткүч.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндөЗакон · 29.04.2025 · № 89
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90