# Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/4
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043894>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53794/edition/50708/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043894

---

Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-январы, №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө”

Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбиялануучу балдарга берилүүчү тамак-аштын баасын жогорулатуу боюнча бала бакчалардын жетекчилери тарабынан берилген билдирүү катынын, ата-энелер менен өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорунун жана Кыргы Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтомунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Нургул», «Акчөлмөк», «Шайыр»,

«Ынтымак-бир», «Ынтымак-эки», «Перизат», «Элнурай», «Даткайым илим», «Ынтызар», «Даулет», «Аксаамай», «Достук-Наристе», «Ханбийке», «Алия», «Гүлпери», «Курманжан Датка» мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер тарабынан балдарга берилүүчү тамак-аш үчүн бир айлык төлөм 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жаштар иштери,

спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.С.Темирбаев
