Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 213
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө жободо:
– 2-пунктта:
«өндүрүштү,» деген сөздөн кийин «туризмди,» деген сөз менен толукталсын;
– 6-пунктта:
биринчи абзацта «346,09 гектар» жана «3» деген цифралар тиешелүү түрдө «346,6208» жана «4» деген цифраларга алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: «– Бишкек шаарында мурдагы Батыш автобекетинин аймагында 0,5308 га аянттагы участокто.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБОПоложение · 01.08.2014 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 29.09.2023 · № 516
Шилтеме берет (3)
- "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБОПоложение · 01.08.2014 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6