Төөлөс айылыдык кенешинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жыл 3-июль №7-2 Муркут айылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда келишим түзүү жөнүндөгү маалымат менен таанышып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат»
мамлекеттик мекемеси менен Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы М. Тиленовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана
дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Каразаков.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.