# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53774/edition/50667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (01.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043867

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 1-апрели № 214

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:

– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.»;

– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.»;

– 16, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
