# Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 80 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 80 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53762/edition/50653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 80 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтому (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043857

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-марты № 80

Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 361 тескемесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин штаттык саны 34 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:

саясий муниципалдык кызмат орундары - 3 штаттык бирдик; административдик муниципалдык кызмат орундары - 25 штаттык бирдик; техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 6 штаттык бирдик.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 140 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Б.Усеналиев
