Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 80
Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 361 тескемесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин штаттык саны 34 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:
саясий муниципалдык кызмат орундары - 3 штаттык бирдик; административдик муниципалдык кызмат орундары - 25 штаттык бирдик; техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 6 штаттык бирдик.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 140 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б.Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 140 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2024 · № 140 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеӊештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 16.07.2025 · № 419
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 140 "Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2024 · № 140 · Күчүн жоготкон