# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 112 "Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 112 "Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11086/edition/50630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 112 "Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгы (13.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 13-марты № 112

Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө

«Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. 2026-жылдын 1-июлунан тартып виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) минималдуу уставдык капиталы 300 000 000 (үч жүз миллион) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Виртуалдык активдердин тооругунун иштеп жаткан операторлору (криптобиржалар) 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө уставдык капиталынын өлчөмүн ушул Жарлыктын талаптарына ылайык келтирсин.

3. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) түзүлгөн уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте виртуалдык активдер боюнча ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында пайдаланылууга тийиш деп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
