# Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 2/1 "Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 2/1 "Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/1
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53725/edition/50597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043804.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 2/1 "Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө" токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043804

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

VIII чакыруу, 1 сессиялык отурум

2026-жылдын 29-январы № 2/1

Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө

2022-жылдын 1-августундагы № 266 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 4-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын маяналарына, 2026-жылдын январь айынан тартып жергиликтүү бюджеттен 30% кошумча үстөк төлөөгө уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.

Төрага

К.К. Чолпонкулов
