# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 35 "2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 35 "2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043799>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5725/edition/50577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043799.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 35 "2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043799

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 31-марты № 35

2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230043799/st-1)

2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230043799/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте италия тарапка кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230043799/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 5-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
