Кыргыз Республикасынын Президентинин «Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 27-марты № 129
"Түндүк" ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө
"Түндүк" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Түндүк" ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) мамлекеттик мүлктү "Түндүк" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте пайдаланууга берүү үчүн чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 24 (3784) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"…Указ · 17.03.2025 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги №275 “Түндүк” ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.04.2026 · № 275