# Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 9/59 "Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин иштөөсү жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 9/59 "Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин иштөөсү жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/59
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53710/edition/50540/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 9/59 "Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин иштөөсү жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (08.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043766

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

XXIX-чакырылыштын 9 кезектүү сессиясы

2025-жылдын 8-сентябры № 9/59 Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин иштөөсү жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин потенциалын бекемдөө жана кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44,48-беренелерине ылайык Гавриловка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жыл башында бекитилген корголгон беренедеги эмгек акылардан пайда болгон экономиялык каражаттын эсебинен, муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын окладына кошумча 2025-жылдын сентябрь айынан баштап 70 % кошулуп берилсин.

2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Аппаратына жана келишимдин негиздеги адистерге,техникалык тейлөөчү персоналга жана кенже тейлөөчү персоналга бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө материалдык дем берсин

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Н.К.Каяева мыйзамдын чегинде эсептөө жүргүзсүн.

4. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөл айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик-комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ы.Б. Нааматов
