Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин «Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин иштөөсү жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 9 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 9/59 Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин иштөөсү жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин потенциалын бекемдөө жана кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44,48-беренелерине ылайык Гавриловка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл башында бекитилген корголгон беренедеги эмгек акылардан пайда болгон экономиялык каражаттын эсебинен, муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын окладына кошумча 2025-жылдын сентябрь айынан баштап 70 % кошулуп берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Аппаратына жана келишимдин негиздеги адистерге,техникалык тейлөөчү персоналга жана кенже тейлөөчү персоналга бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө материалдык дем берсин
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Н.К.Каяева мыйзамдын чегинде эсептөө жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөл айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик-комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ы.Б. Нааматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123