# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым тескемелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым тескемелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 200-т
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19760/edition/50543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043765.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым тескемелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (27.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043765

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 27-марты № 200-т

Эл аралык өнүктүрүү фонддорунун башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 241-т "Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-т "Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т "Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
