Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-марты № 121
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 153 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу секторунда айрым кызматкерлерге материалдык дем берүүгө жана эмгек акысын теңдештирүүгө багытталган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2026-жылдын 1-апрелинен тартып:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү, тегеректөө жана 1 ставкага 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен көбөйтүү;
- эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн 1 ставкага 5000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен жөнгө салынуучу илим чөйрөсүнүн кызматкерлерине бир ставкага 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм;
2) 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кызматтык маянасына иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган иш күнү үчүн үстөктүн өлчөмүн 50%га чейинки өлчөмдө көбөйтүү;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын, Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматты, айрым контролдук-өткөрүү пункттарында кызматтык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматын жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) айрым кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын, атайын статусу бар мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти кошпогондо, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм.
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 153 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 23 (3783) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 27 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (27)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 286 "Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын уюмдарынын кызматкерлеринеэмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 286
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 289 "Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 25.04.2026 · № 289
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 288 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 288
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 287
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 291 "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө…Постановление · 25.04.2026 · № 291
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 58/XVII-3 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы «“Каинда” футболдук клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 04.06.2026 · № 58/XVII-3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик…Указ · 28.04.2026 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрели № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалымат…Постановление · 27.04.2026 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелеринин эмгек акы төлөө…Постановление · 29.04.2026 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз…Постановление · 18.08.2026 · № 559
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 293 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз…Постановление · 27.04.2026 · № 293
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 319 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана…Постановление · 30.04.2026 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.07.2026 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 «Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн…Постановление · 27.08.2026 · № 588
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине эмгек акы төлөө…Постановление · 24.08.2026 · № 571
- Манас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы №1 «Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 28.05.2026 · № 1
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 289 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 289
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 290 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 27.01.2026 · № 9
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.