# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043702>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5721/edition/50468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043702.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043702

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 18-марты № 29

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230043702/st-1)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 140-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230043702/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 26-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
