1-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 140-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 26-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган